Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

16-декабрда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын өкүлдөрү КМШга мүчө мамлекеттердин Жогорку мамлекеттик аудит органдарынын жетекчилеринин кеңешинин алкагында Россия Федерациясынын Эсептөө палатасы менен тажрыйба алмашуу боюнча онлайн семинарга катышты.

Семинардын темасы «Коррупцияга каршы аракеттердеги Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын орду жана ролу» болду.

КМШга мүчө-өлкөлөрүнүн мамлекеттик финансылык көзөмөлдүн жогорку органдарынын кызматкерлери коррупцияга каршы аракеттердин натыйжалуу ыкмасын иштеп чыгуунун, ошондой эле аны менен күрөшүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Жогорку мамлекеттик аудит органдары коррупцияга каршы аракеттердин жалпы улуттук тутумунда маанилүү элементтердин бири болуп саналат.

Коррупциянын социалдык-экономикалык өнүгүү процесстерине терс таасири, жакырчылыкка каршы күрөш, жарандардын демократиялык мамлекеттин институттарына болгон ишениминин төмөндөшү коррупцияга каршы саясатты улуттук масштабда гана эмес, ошондой эле мамлекеттер аралык деңгээлде иштеп чыгууну талап кылат.

Иш-чаранын соңунда бардык катышуучулар коррупцияга каршы күрөштө мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин белгилешти.