Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык

бөлүнүшүнүн кезектеги Коллегиясынын жыйыны 29-ноябрда болуп өттү.

Жыйынды аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси – Коллегиянын төрагасы –                                        У.Ж. Нармамбетов алып барды. Ага Коллегиянын мүчөлөрү, аппараттын кызматкерлери жана ошондой эле аудит жүргүзүлгөн объектилердин жетекчилери катышышты. Иш-чарага коллегиянын мүчөсү – КР Эсептөө палатасынын Борбордук аппаратынын                                              1-башкармалыгынын начальниги – Р.М. Абдыкалыков онлайн режиминде (видеоконференц байланыш аркылуу) катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Нарын жана Ысык-Көл областтарындагы Ветеринардык, Токой, Суу ресурстары жана Жер ресурстары боюнча кызматтарда, жана ошондой эле аталган областардагы “Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун филиалдарында, 2021-жылга жүргүзүлгөн шайкештик аудиттеринин отчеттору каралып, жактырылды. Аудиттин материалдары жалпылоочу отчетторду түзүү үчүн КР Эсептөө палатасынын Борбордук аппаратына жөнөтүлөт.