Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30‑июнундагы №394-VII “

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2021-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралу” токтомунда “аудитордук процесстерин санариптештирүү жана автоматташтыруу чөйрөсүн өркүндөтүүсүн жана кеңейтүү” жана “аудит жүргүзүүнүн натыйжасында табылган бузууларды классификациялоого карата бирдиктүү мамилени камсыз кылуу максатында бузуулардын жаңы классификаторун киргизүү жана өнүктүрүү” тапшырмасы берилген. Берилген тапшырманы аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын санариптештирүүнүн алкагында, “Мамлекеттик аудиттин жүрүшүндө аныкталган бузуулардын жаңы Классификаторун колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш. Акматовдун 2022‑жылдын 1‑мартындагы №10-6/27 буйругу кабыл алынган.

 

Аудитордук ишти пландоо, отчеттуулук, маалымат жана санариптик өнүктүрүү боюнча башкармалык аталган буйрукту аткарууда иштелип чыккан Классификаторду кошумча карап чыгып,  1С программасындагы техникалык мүмкүнчүлүктөрүн (интерфейсин) жакшыртуу жана жеңилдетүү иштерин жүргүздү. Азыркы учурда, 1С маалымат системасына жаңы Классификатор менен Борбордук аппаратта маалыматтар киргизилүүдө, ал эми Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча, Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча, Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүштөрүнө консультациялык жана техникалык көмөк көрсөтүү иштери уюштурулду.