Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасынын өкүлдөрү 16-ноябрда КМШ мамлекеттери катышкан Мамлекеттик аудиттин жогорку органдарынын (каржылоо көзөмөлү)

жетекчилеринин Кеңешинин алкагында россиялык кесиптештер менен тажрыйба алмашуу боюнча кезектеги семинарга катышты. Жолугушуу онлайн форматында өттү.  Семинардын ишине Азербайжан жана Белорусь Республикасынын өкүлдөрү да катышты.  

 

Семинардын темасы - «Россиянын жол чарбасындагы жаңыланган технологияларды жана материалдарды колдонуу менен аудит жүргүзүү".  Негизги баяндамачы катары Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын Транспорт аудити жана эл аралык кызматташуу департаментинин директору Олег Чернявский алып болду.

Ал өзүнүн сөзүндө семинардын бардык катышуучуларына "Транспорттук тутумдун өнүгүүсү" мамлекеттик программанын аудитин аткарууну ишке ашыруунун методологиясы боюнча кенен маалымат берди. Ошондой эле "Коопсуз жана сапаттуу автомобилдик жолдор" жана 2024-жылга чейинки убакытка РФнын магистралдык инфраструктурасын кеңейтүү жана модернизациялоо комплекстик  планынын жыйынтыктарын мониторинг кылуу жөнүндө айтып берди. «Сапаттуу жол түйүндөрү экономиканын өнүгүүсү үчүн өтө зарыл. Рфнын ЭПсы  "Коопсуз жана сапаттуу автомобилдик жолдор" улуттук программанын ишке ашыруусун жыл сайын аудит өткөрүп турат. Аудиттин жыйынтыктары РФнын 2030-жылга чейинки Транспорттук стратегиясында чагылдырылган"',- деди Олег Чернявский.

Веб-семинардын катышуучулары учурдагы жаңы тобокелдиктерди жана алардан чыгууну талкуулашты.