Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2022-жылдын 4-октябрында Эсептөө палатасынын кызматкерлери

«Аудиттин, көзөмөлдүн жана отчеттуулуктун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча парламенттер менен жогорку аудит органдарынын (ЖАО) кызматташтыгы» деген темада жогорку деңгээлдеги виртуалдык иш-чарага (конференцияга) катышышты.

Иш-чараны INTOSAI Өнүктүрүү демилгеси, дүйнө өлкөлөрүнүн парламенттеринин иш-аракеттерин координациялоо үчүн кызмат кылган “Парламенттер аралык биримдик” эл аралык уюму менен биргеликте уюштурган.

Конференциянын максаты аудиттин таасирин жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча кызматташууну жакшыртуу маселелерин изилдөө үчүн парламенттерди жана ЖАОну бириктирүү болгон. Тактап айтканда, төмөнкү суроолор талкууланды: “ЖАО менен парламенттин ортосундагы мамиле кандайча жоопкерчиликти жогорулатууга өбөлгө түзөт”, “ЖАО жана парламенттер жоопкерчиликти жогорулатуу үчүн кантип биргелешип иштеше алат”, “Коомдук катышуу үчүн потенциалды жогорулатуу”.

Иш-чарага дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөлөрдүн жогорку аудит органдарынын жана парламенттеринин жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты.