Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү.

 

23-сентябрь -

Мындан туура 33 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили - мамлекеттик тил, ал эми орус тили - расмий тил деп жарыяланган.

 

Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадыр-баркын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон.

 

Мына, ошол күндөн бери, 23-сентябрь - кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет.

Улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон  мамлекеттик тил майрамы – бул, улуттук майрам. Мамлекеттик тил – мамлекеттеги улуттардын ортосундагы байланыштын, пикир алышуунун куралы.

Улуу инсан, тилчи окумуштуу, улуттук туңгуч лексикограф  Хусейин Карасаев “Тил адам рухунун түпкү теги, суу ичкен башаты. Ал бүтүндөй элдин тарыхын, кыбыр эткен кыймылын ушунчалык сарамжалдуулук менен сактап, улам кийинки муунга өткөрүп берип турат” деп айткандай,  кыргыз тили  - мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, элибиздин ынтымагынын, биримдигинин уюткусу, көөнөрбөс руханий казынабыз.
Биз ата-бабаларыбыздан эки куттуу, ыйык мурас алып калдык: бири - Ата мекенибиз болсо,  экинчиси – эне тилибиз.

Кыргыз тили – кыргыз тарыхы. Ал, кылымдан кылым ашып, эне тилибизде оозеки түрдө жаралган “Манас” эпосу аркылуу ата-бабадан урпактарга жетти. “Эне тили болбой, эл болбойт” дегендей, мына ушунун өзү эле эне тилибиздин ыйыктыгын, өлбөс-өчпөстүгүн, улуулугун, кадыр-баркын билдирет.  

Залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматов “Мен бул турмушта кайсы бир бийиктикке чыга алдым десем, аны мен тилимдин улуу духунан көрөм” деп    айтса, акын Насредин Байтемировдун “Кыргында жанын берсе да,
Кыргызым тилин берген жок” деген ыр саптары аркылуу тилибиздин улуктугу, ыйыктыгы  таамай берилген.  

Эне тили каны-жаныбызга эненин сүтү, бешик ыры, аталардын асыл нуска кептери, чоң аталардын куюлуштуруп сүйлөгөн санжырасы, чоң энелердин керемет  жомогу, комузубуздун күүсү менен сиңип келген.

Эне сүтү менен кошо жаралган эне тилибизди ыйык тутуп аздектегенде   гана,  биз улутубуздун жүзүн,  руханий маданиятыбызды, ата-баларыбыздын   каада-салттарын  сактап кала алабыз.

Урматтуу мекендештер! Улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон - мамлекеттик тил майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Мамлекеттик тил майрамыбыз кут болсун!