Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Кара-Балта шаарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Кара-Балта шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле, муниципалдык ишканалардын ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыктары боюнча

    Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2022-жылга аудитордук иш планына ылайык, 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Кара-Балта шаарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Кара-Балта шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле, муниципалдык ишканалардын ишине шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн. 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Кара-Балта шаарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Кара-Балта шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле, муниципалдык ишканалардын ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин алкагында: Аныкталган финансылык бузуулар – 14 770,1 миң сом, анын ичинен:  - каражаттарды сарптоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 14 770,1 миң сом, алардын ичинен: · эмгек акыны негизсиз төлөөлөр – 14 713,5 миң сом; · мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 56,6 миң сом.
Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары – 2 971,8 миң сом, анын ичинде: · товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары – 179,5 миң сом; · бюджеттин башка резервдери жана жоготуулары – 2 792,3 миң сом.
Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 1 192,8 миң сом, анын ичинде: · ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар – 1 192,8 миң сом.
Аудиттердин материалдары 2022-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн отурумунда, Кара-Балта шаарынын мэрин жана Кара-Балта шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин чакыруу менен каралган.
Отурумдун чечимине ылайык, Кара-Балта шаарынын мэриясына отчет жана жыйынды жазма буйрук жиберилген. Андан тышкары, Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнүн аудитинин материалдары укуктук баа берүү үчүн Чүй областынын прокуратурасына жиберилген (2022-жылдын 11-апрелиндеги №01-9/113 каты).