Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2022-жылдын 12-июлунан тартып

15-июлуна чейин Борбордук аппараттын жана аймактык бөлүнүштөрүндөгү өзүнүн кызматкерлери үчүн мамлекеттик сатып алуулардын аудити боюнча жаңыланган колдонмо боюнча тренинг өткөрүп жатат.  

Тренинг АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган жана DevTech Systems Inc тарабынан ишке ашырылган “Фискалдык отчеттуулук жана туруктуу соода” (ФОТС) долбоорунун алкагында уюштурулган.  Кыргыз Республикасында  ФОТС мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатууда, жарандардын катышуусу жана мамлекеттик сатып алуулар  тутумун көзөмөлдөө үчүн шарттарды түзүүдө өкмөткө колдоо көрсөтөт.

Мамлекеттик сатып алуулардын аудити боюнча жаңыланган колдонмонун максаты “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамына ылайык, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мамлекеттик аудитти жүргүзүүнүн жалпы эрежелерин жана жол-жоболорун  бекитүү болуп саналат.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар жаңыланган колдонмонун негизги принциптери менен таанышты, анда бюджеттик каражаттардын наркын эске алуу менен мамлекеттик керектөөлөрдү камсыз кылуу деңгээлине баа берүү, нарктын негиздүүлүгү жана сатып алууларды пландаштыруу, сатып алууну жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугу жана натыйжалуулугу камтылган.

 

Тренинг убагында мамлекеттик сатып алуулардын аудити боюнча колдонмону жаңылоонун маанилүүлүгү баса белгиленди, бул сатып алууларды пландаштыруу этабынан тартып  контрактты түзүүгө жана аткарууга чейин мамлекеттик сатып алууларга аудит жүргүзүү мүмкүндүк берет. Алсак, мамлекеттик сатып алуулар аудитинин негизги милдети мамлекеттик сатып алуулар аудитинин натыйжалары боюнча иштелип чыккан сунуштарды алардын  ишинде жайылтуунун негизинде аларга бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууда мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү болуп саналат.