Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери   

Азия өнүктүрүү банкы уюштурган “Кыргыз Республикасындагы жакырчылык тобокелдиктерин каржылоо” онлайн семинарына катышышты    

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин потенциалын күчөтүү максатында, 2022-жылдын 18-майында  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери Азия өнүктүрүү банкы уюштурган “Кыргыз Республикасындагы жакырчылыктын тобокелдиктерин каржылоо” онлайн семинарына катышышты.  Семинардын алкагында жакырчылык жана пандемия алкагында каржылоо принциптеринин, концепциясынын жана аспаптарынын маанилүүлүгүн талкуулашты.

Семинардын спикерлери болуп, АӨБ өкүлдөрү – мамлекеттик  каражаттарды тескөө жана камсыздандыруу, табигый кырсыктардын тобокелдиктерин тескөө боюнча адистери катышты.

Семинардын жүрүшүндө фискалдык тобокелдиктерди жана камсыздандыруу каржылоо, ошондой эле  турак жайды, айыл чарбасын  камсыздандырууну жана микро камсыздандырууну каржылоо маселелери талкууланды.