Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2020-2021-жылдар аралыгында Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарынын социалдык экономикалык өнүгүшүн талдоо жана бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 58,5 миң сомдук каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө эң көп каржы бузуулар эсептен жашырылган дебитордук карыз (суммасы - 47,6 миң сом) деп аныкталды.

Каржы бузуулардын ичинен 58,5 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, аудиттин жүрүшүндө 1,7 миң сом калыбына келтирилди.

Жогоруда аталган каржы бузуулардан сырткары 27,3 миң сомго резервдер аныкталган.

Мындан сырткары, Майлуу-Суу шаардык кеңеши тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарында каралбаган токтомдорду кабыл алуусунун негизинде жалпы баланстык баасы 902,5 миң сомдук мүлк, муниципалдык менчик башкармалыгынын балансынан негизсиз чыгарылгандыгы аныкталган.