Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

      Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын буйругу менен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кадрлар резервинде турган адамдар бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына дайындалышты.

      Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жаңы дайындалган кызматкерлерин адаптациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын тажрыйбалуу адистеринин ичиндеги тренерлер тарабынан, 2022-жылдын 13-14-майында техникалык окутуунун бекитилген программасы боюнча семинарлар жана тренингдер өткөрүлүүдө.

      Бул окутуу программасы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу, төмөнкүдөй  актуалдуу темаларга басым жасалган: шайкештик аудити боюнча  колдонмону, финансылык аудити боюнча колдонмону, жергиликтүү бюджеттерге аудит жүргүзүү боюнча колдонмону жана бузуулардын электрондук классификаторун практикада колдонуу.

       Окутуунун жүрүшүндө жаңы дайындалган кызматкерлерге аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык аудит жүргүзүүнү уюштуруу процесси жана тобокелдиктерди баалоону жана аудитордук тандоону изилдөө боюнча кеңири маалымат берилет.

       Мындан тышкары, жалпы багыттар боюнча темалар киргизилген, алар мамлекеттик кызматкерлердин иш процессинде анчалык мааниси жок эмес, атап айтканда, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  ченемдеринин сакталышы, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобо, электрондук документтердин тутумдарын жана эсепке алууларын уюштуруу жана архивге өткөрүү үчүн көктөмөлөрдү түзүү, ошондой эле мамлекеттик кызматта мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатуу.  

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 18-декабрындагы №64 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу үчүн, реалдуу убакыт режиминде жаңы кызматкерлер үчүн “Infodocs” электрондук документ жүгүртүү тутумунда (ЭДЖТ) авторизация жүргүзүлүүдө, ЭДЖТ интерфейси документтерди тариздөө боюнча ЭДЖТда практикалык иш принциби көрсөтүлгөн.