Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2020-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишине жана бюджетинин аткарылышына натыйжалуулук аудитинин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчетту кабыл алды.

Аудит учурунда Архитектура жана курулуш агенттигинин бардык ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүндө отчеттук жылга карата каржы-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча таза кирешени бөлүү тартиби жокко эсе экендиги аныкталды. Буга байланыштуу, бөлүнүштөрдүн тапкан кирешеси негизги фонддордун жана шаймандардын техникалык жабдуусуна эмес, кызматчыларга дем берүүчү кошумча төлөмдөргө толук сарпталган. Айрым бөлүнүштөр тарабынан каржылык пландын бекитилген көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу факт жүзүндөгү чыгымдардардан ашыкча сарпталган фактылары аныкталган.

Курулуш-куроо иштерин жүргүзүүдө, системалуу түрдө катачылыктар орун алган, алсак, долбоорлоо уюмдар тарабынан жумуштардын сапатсыз аткарылышы, актыларда аткарылган иштердин кайталанган көлөмдөрү, актыларга аткарылбаган иштердин жана колдонулбаган материалдардын киргизилиши. Айрым мектептердин имараттары боюнча долбоорлоо-сметалык документтерди түзүүдө, мектептин өкмөттүк деңгээлде бекитилген 1 кв. метр аянтчасынын курулушунун эң максималдуу баасы 400,1 млн. сомго бааланган.

Аудит тарабынан Турак жай-жарандык курулуш департаментинин областтык капиталдык курулуш башкармалыгы менен келишимдерди түзгөн подрядчылардын объектилери боюнча аткарылган курулуш-куроо иштеринин баасынын жогорулатылышы боюнча каржы бузуулар аныкталган. Аудиттин жүрүшүндөгү кабыл алынган иш-чаралардын жыйынтыгында курулуш-куроо иштеринин баасын 38,3 млн. сомго жогорулатылган сумма толугу менен калыбына келтирилди.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына тиешелүү маалыматтарды жөнөттү.