Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Нурпаис Осмоновдун жетекчилиги астында Эсептөө палатасынын кызматкерлери 2022-жылдын 29-апрелинде “Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин мүчө мамлекеттеринин аудиттин жогорку органдарынын (АЖО) мамлекеттик финансылык контролунун стандарттарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобунун 18-отуруму” темасында видео конференцияга катышты.

Аталган иш-чара Казакстан Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышын контролдоо боюнча Эсептөө комитети тарабынан Армениянын, Беларусь Республикасынын, Молдова, Россия Федерациясынын, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын аудиттин жогорку органдарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө ШКУ мүчө мамлекеттердин аудиттин жогорку органдарынын ишинде жалпыланган финансылык отчеттуулукка аудитти жүргүзүүнүн тажрыйбасын колдонуунун мүмкүн болгон багыттары жөнүндө тажрыйба алмашуу болду.

Жолугушууда ошондой эле, мамлекеттик саясаттын (долбоорлордун, мамлекеттик жардамдын чараларынын) таасир берүүсүн баалоо маселесин кароо жана методологиялык иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо максатында, ШКУ мүчө мамлекеттердин аудиттин жогорку органдарын сурамжылоону уюштуруу талкууланды.

Жолугушуунун соңунда катышуучулар Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин мүчө мамлекеттеринин аудиттин жогорку органдарынын мамлекеттик финансы контролунун стандарттарын иштеп чыгуу боюнча Жумушчу тобунун 2021-2023-жылдарга иш планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карашты.