Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2019-2020-жылдарга Ош шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудит тууралуу отчётту карап, бекитти.

Аудиттин материалдарында көрсөтүлгөндөй, жалпысынан 31 млн. 534,5 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды. Алардын ичинен:

  • материалдык баалуулуктардын жетишпестиктери – 1 млн. 306,5 миң сом, анын ичинде, Ош шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына ыкчам башкарууга берилген “Тойота Прадо” автоунаасы Мэриянын алдындагы автогаражында жок экендиги такталды;
  • Бюджеттик кодекстин 51-беренесинде каралган жергиликтүү бюджеттин чыгаша милдеттенмелерин бузуу менен, Ош шаардык мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы кошумча 30 кызматкерди күтүү үчүн 10 млн. 652,9 миң сомго каржыланган;
  • бюджетке кошумча эсептелген салык төлөмдөрү жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетине кошумча эсептелген төлөмдөр - 6 млн. 381,4 миң сом;
  • курулуш иштеринин көлөмүн ашыруу  - 4 млн. 343,9 миң сом.
  • бухгалтердик эсептен дебитордук карызды жашыруу жана кредиттик карызды негизсиз көбөйтүү - 4 млн. 177,4 миң сом;
  • эмгек акыны негизсиз төлөө - 2 млн. 805,9 миң сом;
  • негизсиз чыгышталган материалдык баалуулуктар -1 млн. 376,5 миң сом.

“Керме-Тоо” № 3 муниципалдык аймактык башкармалыгында 2019-2020-жылдар ичинде эмгек акыга төлөөгө тийиштүү болгон суммадан ашыкча     644,0 миң сомдук акча каражаты айрым кызматкерлердин өздүк эсептерине негизсиз которулган.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы укуктук баа берүүнү талап кылган материалдарды Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөттү.