Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2022-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө 2019-2020-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө, аткарылышына жана муниципалдык ишканалардын ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы боюнча бюджетинин аткарылышына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен, жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет каралып, бекитилди.

Ошондой эле, 2021-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын  иши жөнүндө отчет кененирээк талкууга алынып, жыл ичинде жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы чыгарылды.

Аудиттин материалдарында айтылгандай, 2019-2020-жылдары Бишкек шаарынын бюджетине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында жалпысынан 6,4 млрд. сом суммасында каржы бузуулар аныкталган. Ал эми Ветеринардык кызматы боюнча каржы бузуулардын суммасы - 11,7 млн. сомду тузгөн.

Кеңештин жыйынына Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппарат кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудиттин объектилерине аныкталган каржылык бузууларды четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Жогоруда көрсөтүлгөн объектилердеги жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө кененирээк маалымат www.esep.kg сайтында жакынкы арада берилет.