Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2020-жылга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде жана анын ведомстволук уюмдарында бюджетинин аткарылышына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчетту карап, бекитти.

Аудиттин материалдарында айтылгандай, каржы бузуулар бардыгы болуп 113 млн. 653,8 миң сом суммасында аныкталды, алардын ичинен 31 млн. 640,2 миӊ сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 12 млн. 491,0 миӊ сом кайтарылган, анын ичинде:

        - эмгек акыларды негизсиз төлөө – 55 млн. 667,9 миӊ сом, алардын ичинен 1 млн. 698,3 миӊ сом кайтарылууга тийиш, 1 млн. 516,8 миӊ сом кайтарылган;

        - негизсиз эсептен чыгарылган материалдык баалуулуктар жана акча каражаттары, анын ичинде отчет берилүүчү суммалар – 3 млн. 953,2 миӊ сом;

        - курулуш-куроо иштеринин көлөмүн жогорулатуу – 5 млн. 813,4 миӊ сом, алардын ичинен 4 млн. 203,3 миӊ сом кайтарылган;

        - эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредиттик карыз – 20 млн. 832,1 миӊ сом, алардын ичинен 16 млн. 860,1 миӊ сом кайтарылууга тийиш, 5 млн. 20,8 миӊ сом кайтарылган;

Мындан тышкары, оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону бузуу менен, өзгөчө климаттык шарттагы жумушка жумуш орундарын аттестациялоо боюнча  комиссияны түзүү жөнүндө жыл сайын буйрук чыгарылган эмес жана  кызматтардын тизмеси бекитилген эмес. Натыйжада, жумуштун зыяндуу шарттары үчүн, кызматтык маянасына кошуп төлөө суммасы, бюджеттик каражаттар боюнча – 2 млн. 528,2 миң сомду түзгөн. 

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы  аткарылбай калган иш-чараларга жооптуу кызмат адамдардын жоопкерчилигин кароону сунуштады.

Ведомстволук уюмдарда аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелер тарабынан аткарылуучу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде) каралбаган акы төлөнүүчү кызматтар - макалаларды жарыялоо, календардык-тематикалык материалдарды иштеп чыгуу, типографиялык басылма жана аны таратуу үчүн акы төлөнүүчү кызматтар аткарылган.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудиттин объектисине аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө аларды болтурбоо жөнүндө жазма буйрук жана сунуштамалар жөнөтүлдү.