Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2019-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында (УИА) жана анын ведомстволук мекемелеринде бюджетинин аткарылышына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчетту бекитти. н

КР УИАда жана анын ведомстволук мекемелеринде 2019-2020-жылдарга карата каржы бузуулардын жалпы суммасы 1,7 млн. сомго аныкталган. Анын ичинен:

  • мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 119,9 миң сом, аныкталган, калыбына келтирүүгө тийиш 119,9 миң сом;
  • дебитордук карыздарды эсептөө боюнча жашыруулар – 238,5 миң сомго аныкталган, калыбына келтирүүгө тийиш 238,5 миң сом, 17,7 миң сом калыбына келтирилген;
  • бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон ижара акысы – 1,3 млн. сомго аныкталган, бул сумма калыбына келтирилген эмес.

Ошондой эле, бюджеттин резервдери жана жоготуулары 1,2 млн. сомго аныкталган, анын ичинен товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдалышы 526,3 миң сомго аныкталган, ашыкча каржылоо - 615,2 миң сом, бул сумма толугу менен калыбына келтирилген.

Мындан тышкары, “Илим” балдардын ден соолугун чыңдоочу комплексинде Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын нормалары бузулгандыгы боюнча аудиттин отчету Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлдү.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудиттин объектисине аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө аларды болтурбоо жөнүндө жазма буйрук жана сунуштамалар жөнөтүлдү.