Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2019-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин  жана анын ведомстволук мекемелеринде бюджеттин аткарылышына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен шайкештик аудитин жүргүзүү жөнүндө отчетту карап, бекитти.

Аудиттин материалдарында айтылгандай, каржы бузуулардын жалпы суммасы бардыгы болуп 29,8 млн. сомго аныкталган. Анын ичинен:

- эмгек акы фондунун эсебинен негизсиз төлөөлөр – 13,4 млн. сом сый акы катары эсептелген.

- материалдык баалуулуктарды негизсиз эсептен чыгаруу – 12,0 млн. сом;

- дебитордук карызды эсептен жашыруу – 2,9 млн. сомго аныкталып, толук калыбына келтирүүгө тийиш болсо, текшерүүдө 0,2 млн. сом калыбына келтирилген;

Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясында бюджеттик каражаттар чыгымдары боюнча сметасынан чет мамлекетте медициналык мекемелеринде дарыланууга 3 спортчуга негизсиз 4,1 млн. сом акча каражаттары сарпталган.

2019-жылы 6,4 млн. сомдук дары-дармектерге таркатуу ведомосттору, эсептен чыгаруу боюнча тийиштүү комиссия тарабынан түзүлгөн жана жоопкечиликтүү кызматкерлер кол койгон актылар, чыгыш документтер жок чыгышталган.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудиттин объектисине аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө аларды болтурбоо жөнүндө жазма буйрук жана сунуштамалар жөнөтүлдү.