Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2020-жылга Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде бюджетинин аткарылышына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчетту карап, бекитти.

Аудиттин материалында айтылгандай, каржы бузуулар жана кемчилдиктердин жалпы суммасы бардыгы болуп 4 млн. 706,6 миң сомго аныкталган. Анын ичинен:

 - каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кем чыгуулар – 172,0 миң сом, анын ичинен негизсиз эмгек акы төлөөлөр - 68,6 миң сомго аныкталган, калыбына келтирүүгө тийиш 2,8 миң сом, бул сумма калыбына келтирилген эмес. Материалдык баалуулуктарды негизсиз эсептен чыаруулар – 50,7 миң сомго аныкталган, бул сумма калыбына келтирилген.

- бюджеттин резервдери жана жоготуулары бардыгы -  582,9 миң сомго аныкталган, калыбына келтирилүүгө тийиш эмес.

- рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 3 млн. 951,6 миң сом, анын ичинен эсептердеги товардык материалдык баалуулуктардын ченемден ашык корлору – 3 млн. 666,2 миң сом жана эсептердеги каражаттар - 285,4 миң сом.

Республикалык бюджеттен Министрликке караштуу «Ишкер» микрокредиттик агенттигине жумушсуз жарандарды микрокредиттөө үчүн мурда бөлүнгөн 76,8 млн сомдун 17,4 млн. сому 2019-2020-жылдары кайтарылган. Калган каражаттар - 59,4 млн. сом республикалык бюджетке кайтарылууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарында жана Кыргыз Республикасынын башка 6 областындагы микрокредиттик агенттиктериндеги кызмат адамдарынын кредиттерди  өндүрүүдөгү иш-аракеттерине укуктук баа берилүүдө.

Жыйындын соңунда Эсептөө палатасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жумушсуз жарандарды микрокредиттөө үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын калдыгын 59,4 млн. сомдук дебитордук карызды бюджетке өндүрүү маселесин кароону сунуштады.