Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2019-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык сотунда жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Сот департаментинде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө токтомду кабыл алды.

Аудиттин жүрүшүндө, Жогорку соттун бюджетинде колдонулбай калган олуттуу бюджеттик каражаттардын бар болушу аныкталган, бул болсо сапатсыз пландаштыруу жана бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды өз убагында колдонулбай жатканыдыгын белгилейт.

Бюджетке оорчулукту азайтуу максатында, Конституциялык сот тарабынан оор жана зыяндуу же кооптуу эмгек шарттары бар, компьютерде иштеген эмгек үчүн 30% өлчөмүндө кошумча төлөөнү белгилөө чечимин кайрадан карап чугуу сунушу айтылды.

Аудит тарабынан, эмгек өргүмө мезгилинде мамлекеттик кызматчыньн кызматын айкалыштыргандыгы үчүн кошуп төлөөлөрдүн жана эмгек өргүмөсү колдонбогондугу үчүн акчалай компенсацияларды төлөөнүн бир кыйла суммалары белгиленген, бул болсо, республикалык бюджеттин кошумча чыгымдары болуп эсептелинет.

Башка соттордо убактылуу өз милдеттенмелерин убактылуу (узакка) аткарган судьяларга, жалпы 1 млн. 702,7 миң сом суммасында иш сапар чыгымдары төлөнгөн, анын ичинен, 2019-жылы – 1 млн. 79,6 миң сом, 2020-жылы – 623,1 миң сом.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы республикалык бюджетке кошумча күч келтирбөө, ошондой эле, кызматтык иш сапарга чыгымдарды натыйжалуу, максаттуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен бирдикте Президенттин Жарлыктары менен конкреттүү жергиликтүү сотторго, жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында жиберилген судьялардын өз милдеттерин убактылуу аткаруу үчүн узак мөөнөткө иш сапарларга жөнөтүү практикасын токтотууну сунуштады. ­­­

Кызмат көрсөтүү актылары жана келишимдери жок туруп, Сот департаменти тарабынан ведомствого караштуу «Адилет сот» Маалыматтык технологиялар мекемесине 72 млн. 258,0 миң сом чегерилген, анын ичинен: 2019-жылы - 24 млн. 368,4 миң сом, 2020-жылы - 9 млн. 658,7 миң сом.

«Адилет сот» МТМди күтүүгө чегерүүлөр “башка кызматтарды сатып алуу” беренесинен жүргүзүлөт. Сот департаментин жана анын областтык башкармалыктарын күтүү боюнча каралган каражаттардан (чыгымдардын корголгон беренелеринен сырткары) 3% өлчөмүндөгү чегерүү аныкталган, бирок, республикалык бюджеттен факты жүзүндө каржылоо толук эмес көлөмдө жүргүзүлгөн. Натыйжада, аудиттин пикири боюнча, «Адилет сот» МТМга 17 млн. 944,0 миң сом көп чегерилген.

Аудиттин жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Сот департаментинин сметасы боюнча «Адилет сот» МТМди күтүүгө чегерүүлөрдүн негиздүүлүгүн карап чыгууну сунуштады.