Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери бүгүн, 2022-жылдын 9-апрелинде «Жашыл Мурас» улуттук кампаниянын алкагында Бишкек шаарындагы «Ынтымак-1» жана «Ден соолук» парктарында ишембилик өткөрүштү.

Кызматкерлер 100 даана ак кайың бактарынын жаш көчөттөрүн аймактарды көрктөндүрүү максатында отургузушту.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жыл деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы чыккан. Жарлыктын негизинде Кыргызстанда “Жашыл Мурас” улуттук кампанияны жарыялоо жана жаш көчөттөрдү отургузуу демилгесин колдоо айтылган.