Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2019-2020-жылдар мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында бюджеттин аткарылышына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудит жөнүндө отчетту карады.

Аудиттин жыйынтыгында 10 млн. 693,8 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды, анын ичинен 1 млн. 925,4 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, аудиттин жүрүшүндө 1 млн. 751,9 миң сом калыбына келтирилген.

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен:

-Эмгек акыларды негизсиз төлөө 8 млн. 768,4 миң сомго аныкталган, аталган сумма калыбына келтирилүүгө тийиш эмес. Аталган суммага кызматтык маяналарды жана тиешелүү  үстөктөрдү туура эмес аныктоонун жана кошумча төлөмдөрдүн эсебинен, ченемге салынбаган жумуш күндөрү үчүн кызматкерлерди материалдык жактан мотивациялоодо төлөнүп берилген.

-Материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу 1 млн. 59,5 миң сомго аныкталып, анын ичинен 1 млн. 31,8 миң сом калыбына келтирилген.

-Эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыздар  – 720,1 миң сом. Аудит учурунда бул каражаттар эсепке алынган.

2019-жылга «РСК Банк» ААКсы менен Мамлекеттик комиссиянын  ортосундагы өз ара салыштыруу актыларына ылайык, транзиттик эсептеги Мамкомиссиянын акча каражаттарынын калдыгы 914,4 миң сомду жана 2020-жылга 116,7 миң сомду түзгөн. Эки жылга көрсөтүлгөн сумма (1 млн. 31,1 миң сом) аудит учурунда республикалык бюджетке кайтарылды.

Мындан тышкары, максатсыз пайдаланылган бюджеттик каражаттар 145,8 миң сом, нормадан ашыкча чыгымдалган күйүүчү майдын суммасы 28,4 миң сом бюджетке которулууга тийиш.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудиттин объектисине аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө аларды болтурбоо жөнүндө жазма буйрук жана сунуштамалар жөнөтүлдү.