Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу максатында, техникалык окутуунун бекитилген программасынын негизинде семинарлар жана тренингдер өткөрүлүүдө.

Окутуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында бизнес процесстерди автоматташтыруунун жана санариптештирүүнүн алкагында, 2022-жылдын 14-мартынан 25-мартына чейин Бишкек жана Ош шаарларында КР Эсептөө палатасынын кызматкерлерине уюштурулуп жатат.

Окутуу программасында негизги басым төмөнкү темаларга жасалды: шайкештик аудит боюнча колдонмону практикалык колдонуу, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана анын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан жергиликтүү бюджеттерге аудит жүргүзүү боюнча колдонмону практикалык колдонуу, мамлекеттик аудиттин жүрүшүндө аныкталган бузуулардын электрондук классификаторун жана  “Infodocs” электрондук документтерди жүгүртүүнүн электрондук тутумун практикалык колдонуу.

Ошондой эле, окутуунун жүрүшүндө кызматкерлерге эл аралык стандарттардын негизинде аудиттерди өткөрүүнү уюштуруу процесси, тобокелчиликтерди жана аудиттик тандоону баалоо  боюнча кененирээк маалыматтар берилди. 

Мындан тышкары, ведомствонун кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу максатында, окутуунун бир бөлүгү мамлекеттик кызматта мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин жогорулатууга арналган.  Окутуунун максаты – кызматкерлер арасында мамлекеттик тилде жазуу жана оозеки түрүндө пайдаланууну жогорулатуу, сабаттуу жазууга үндөө, мамлекеттик тилде сабаттуу жазуу маданиятын өркүндөтүү жана ошондой эле мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу.

Окутуунун жыйынтыгында кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында, мониторинг жүргүзүлөт.