Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын конференц-залында 2022-жылдын 11-мартында “Infodocs” Иш кагаздарын электрондук жүгүртүү тутуму (мындан ары - ИКЭЖС) боюнча окутуу уюштурулду. Кыргыз Республикасынын Борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн окутууну Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү миниистрлигине караштуу “Инфоком” Мамлекеттик ишканасынын адистери жүргүзүштү.

Окутуунун жүрүшүндө Эсептөө палатасынын кызматкерлерине практика жүзүндө Иш кагаздарын электрондук жүгүртүү тутумунун иши жана анын жаңычылдыгы тууралуу маалымат беришти. Окутуунун журүшүндө “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын адистери  КР Эсептөө палатасынын кызматкерлерин кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Айта кетсек, ИКЭЖС боюнча жогоруда көрсөтүлгөн окутуулар келээрки жумада Эсептөө палатасынын аймактык түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн уюштурулат.

“Infodocs” иш кагаздарын электрондук жүгүртүү тутуму мамлекеттик органдарында иш кагаздарын жүгүртүүнү автоматташтырууга жана документтерди электрондук форматка айландырууга арналган маалыматтык тутуму.