Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2022-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө 2020-жылга Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде бюджетинин аткарылышына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет, 2019-2020-жылдар мезгил аралыгына карата Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде бюджетинин аткарылышына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен, шайкештик аудити жөнүндө отчет, 2020-жылга “Бишкек” эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкы дирекциясы” Мекемесинде натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет талкууланды.

Кеңештин жыйынына Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппарат кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудиттин объектилерине аныкталган каржылык бузууларды четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Жогоруда көрсөтүлгөн объектилердеги жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө кененирээк маалымат www.esep.kg сайтында жакынкы арада берилет.