Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов айымдарды 8-март – Эл аралык айымдар күнү менен куттуктайт.

 

Куттуктоо тексти:

Урматтуу айымдар, апалар, эжелер, карындаштар!

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан 8-март – Эл аралык айымдардын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Жергебизге жаздын келиши Сиздердин майрамыңыздар менен башталат. Жаз мезгили да Аялзатынын өзүнө окшош, назик жана сезимтал келет. Анын мээрими менен жер энебиз жибип, жаратылышка жан кирет. Аялзат  - үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы. Сиздердин демиңиздер менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы маанай, ийгилик жаралат. Дүйнөдө Сиздер болгон үчүн биздин жашообуз өзгөчө мааниге ээ.

 

Сиздерге чын ден соолук, үй-бүлөӊүздөргө бакубат, ишиӊиздерге ийгилик, бакыт-таалай, тынчтык жана жакшылык каалайм. Жаз майрамдын кубанычы жана жаркын маанайы Сиздерди дайыма коштосун.

 

 

Эсептөө палатасынын төрагасы                                                                                А.Ш. Акматов