Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2020-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинде жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчетун кабыл алды.

Аудиттин жыйынтыгы көрсөткөндөй, аныкталган каржы бузуулардын суммасы 4 млн. 320,9 миң сом, анын ичинен 3 млн. 292,6 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 392,9 миң сом кайтарылды. Эң көп суммадагы каржы бузуулар -  курулуш-куроо иштеринин көлөмүн жогорулатуу (3 млн. 159,5 миң сом) болуп саналат.

Ошондой эле, аудит учурунда 998,0 миң сом суммасында эмгек акыны негизсиз төлөө аныкталды. Анын ичинен, Ысык-Көл райондук  башкармалыктын штаттык жүгүртмөсүндө кассир, архивариус, тендер боюнча адис кызматы каралган эмес, бирок, аудит мезгилинде жогоруда көрсөтүлгөн кызматтын милдетин аткаргандыгы үчүн 6 штаттык кызматкерге 201,4 миң сом суммасында 30% кошуп төлөө жүргүзүлгөн.

 

Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудиттин объектисине аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө аларды болтурбоо жөнүндө жазма буйрук жана сунуштамалар жөнөтүлдү.