Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2019-2020-жылдар мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында жана Ош областынын өнүктүрүү фондусунда жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчетун кабыл алды.

Аудиттин жыйынтыгы көрсөткөндөй, 2020-жылы экономикалык, социалдык - маданий жана башка иш-чаралар боюнча болжолдонбогон чыгашаларды каржылоо үчүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйруктарында  каралган суммадан 292,0 миң сом ашыкча которулган. Натыйжада, мындан ары Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругунда  каралгандан ашык которууларга жол бербөө сунушу берилди.

Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын атайын  каражаттар эсеп счету боюнча 2020-жылга карата дебитордук карыздардын жалпы суммасы 9 млн. 449,9 миң сомду түзгөн. Аталган дебитордук карыздардын мөөнөттөрү узарып кеткендигине байланыштуу, аудиттин жыйынтыгында дебитордук карыздарды өндүрүү максатында КР Башкы прокуратурасына маалымат жөнөтүлсүн деген сунуш айтылды.

Ошондой эле, Ош өнүктүрүү фондусунун башкармалыгынын мурдагы терагасы Жусупбеков Т.К. тарабынан Ош облусунун өнүктүрүү фондусунун кассасына кайтарылбай калган 152 миң 528 сомду өндүрүү максатында КР Башкы прокуратурасына маалымат жөнөтүлдү.