Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов кыргызстандыктарды Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктайт.

Куттуктоо тексти:

Урматтуу Куралдуу Күчтөрдүн аскерлери жана ардагерлери!

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жана жеке өзүмдүн атымдан Мекенибизди коргоп, элибиздин бейкутчулугун, тынчтыгын сактап, эл-жерине болгон бийик сүйүүсү, атуулдук ар намысы менен кызмат өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскерлерин жана ардактуу ардагерлерибизди 23-февраль - Ата Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктаймын!

“Эр жигит – эл четинде, жоо бетинде” дегендей, Мекенге кызмат кылуу байыртан эле баркталып, бааланып келген. Аскердик адистиктин негизги мааниси – Ата Мекенибизди сүйүү. Андыктан, Куралдуу Күчтөрдүн катарында кызмат өтөө – чоң сыймык. Мекенди коргоого кызмат өтөө, ар дайым өзүн чыныгы атуулмун деп эсептеген ар бир жарандын ыйык парзы болуп келген жана мындан ары дагы боло бермекчи.

Ата Мекенибиздин бардык коргоочуларына адамдык зор бакытты, чың ден соолук, аскердик жана жарандык эмгектеги ийгиликтерди, бакубаттыкты жана кубанычтарды каалайм.

 

Эсептөө  палатасынын төрагасы                                     А.Ш. Акматов