Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы эл аралык гранттардын эсебинен заманбап маалыматтык технологиялык (IT) жабдуулары менен жаңыланды.

Жабдууларды презентациялоо иш-чарасы 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын аткаруунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишиндеги процесстерди  санариптештирүү жана автоматташтыруу максатында, 2022-жылдын 17-февралында Эсептөө палатасында өткөрүлдү.

Аталган IT жабдуулар, КР Эсептөө палатасы мүчө болгон Азия жана Араб өлкөлөрүндөгү жогорку аудит органдарынын эл аралык уюмдары ASOSAI жана ARABOSAI тарабынан жарыяланган конкурска катышуунун жыйынтыгында, КР Эсептөө палатасы, анын төрагасы Алмазбек Шаршембиевич Акматовдун жетектөөсү алдында, жеңүүчүлөрдүн бири болуп табылып, берилген гранттардын эсебинен, сатылып алынды. 

Аталган гранттардын эсебинен заманбап ноутбуктар, сканерлер, конференц камералары, интерактивдүү панель, түстүү жана лазердик принтерлер, лицензиялуу программалар жана башка жабдуулар сатып алынды.