Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде жана анын ведомстволук  мекемелеринде 2019-2020-жылдарга бюджетинин аткарылышына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыктары жөнүндө  отчетту талкуулады.   

Аудиттин материалдарында айтылгандай, аудиттин жыйынтыгында 73 млн. 632,3 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды, анын ичинен 60 млн. 954,9 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, аудиттин жүрүшүндө 56 млн. 599,0 миң сом калыбына келтирилген. Анын ичинен:

- эмгек акыларды негизсиз төлөөлөр - 12 млн. 820,6 миң сом, анын ичинен калыбына келтирилүүгө тийиш 143,2 миң сом, калыбына келтирилгени – 137,7 миң сом;

- материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу - 132,1 миң сом;

- курулуш иштерин аткарууда көлөмдөрүн ашырып көрсөтүү – 249,2 миң сом.

Көпчүлүк акча каражаттар саламаттыкты сактоо тармагына тиешелүү жогорку окуу жайларында кошумча төлөмдөрдү эсептөөгө жумшалган. Атап айтсак,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 токтому менен бекитилген “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө” жобону бузуу менен, жумуш орундарына аттестациялоо жүргүзбөстөн,              И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 2019-2020-жылдар аралыгында бардыгы 12 млн. 253,4 миң сом, Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борборунда кызматкерлерге 206,4 миң сом суммасында негизсиз кошумча төлөмдөр эсептелген.    

Аудиттин жыйынтыктары боюнча бюджеттин резервдери жана жоготуулары 16 млн. 299,3 миң сом аныкталды, калыбына келтирилүүгө тийиш суммасы 522,3 миң сом, бюджетке которулганы 293,1 миң сом.

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 19 млн. 684,1 миң сом.  

Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудиттин объектисине аныкталган каржылык бузууларды четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө жазма буйрук жана сунуштамалар жөнөтүлдү.