Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2022-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Кеңештин жыйынына Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппарат кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө 2019-2020-жылдар аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында жана Ош областынын өнүктүрүү фондусунда жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет, 2020-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинде жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет, 2019-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында бюджеттин аткарылышына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет, 2017-2020-жылдары Борбордук - Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунда бюджеттин аткарылышына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет, 2020-жылга “Кыргыз Темир Жолу” мамлекеттик ишканасынын “Көпүрө куруу отряды” мамлекеттик ишкананын ишине жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет талкууланды.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудиттин объектилерине аныкталган каржылык бузууларды четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Жогоруда көрсөтүлгөн объектилердеги жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө кененирээк маалымат www.esep.kg сайтында жакынкы арада берилет.