Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2019-2020-жылдар аралыгында Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 747,5 миң сомдук каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, эң көп төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталган:

  • эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыз жана кредиттик карыздарды негизсиз көбөйтүү – 193,2 миң сом;
  • урулуш иштерине кошуп жазуулар - 170,6 миң сом;
  • эмгек акыны негизсиз төлөө – 144,9 миң сом;
  • материалдык каражаттарды максатсыз пайдалануу – 139,2 миң сом.

Мындан тышкары, бюджеттин жоготуулары жана резервдери 4 млн. 74,8 миң сом суммасында аныкталды.

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен 747,5 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 309,8 миң сом кайтарылды.