Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши 2020-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында (азыркы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги) бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчетту талкуулады.

Аудит жүргүзүлгөн мезгилде эмгектин зыяндуу шарттарында компьютерде иштелгендиги үчүн үстөк төлөө 3 млн. 278,5 миң сом суммасында  97% штаттык кызматкерлерге жүргүзүлгөн, анын ичинен карантин учурунда айдын кээ бир күндөрүндө график боюнча иштегендерге  721,2 миң сом төлөнгөн.

2021-жылдын 1-январына карата “Унаа” мамлекеттик мекеменин атайын эсебиндеги каражаттардан баланста көрсөтүлбөгөн  1 млн. 028,1 миң сом өлчөмүндөгү киреше салыгы, 4 млн. 854,9 миң сомдук камсыздандыруу төгүмдөрү ашыкча которулган.

Аудит жүргүзүлгөн мезгилде жылдын жыйынтыгы боюнча Департаменттин 102 кызматкерине тартиптик жаза колдонулган, анын ичинен 14 кызматкерден гана 6 айдан кийин алынып салынган. Мында тартиптик жаза алган кызматкерлерге жалпы суммасы 414,4 миң сомдук материалдык сыйлоо толугу менен төлөнгөн.

Аудит ошондой эле, квалификациялык талаптарга жооп бербеген эки учурда (жогорку билими жок, билими туура келбеген) мамлекеттик административдик кызмат орундарын ээлөө фактыларын аныктады.

Аудит учурунда, “Унаа” ММ тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын айрым түрлөрү боюнча калькуляцияны түзүүдө чыгымдардын ашыкча бааланышынан улам, 8606,0 миң сом суммасында кошумча киреше алынган. Ошондой эле, ММ “Инфоком” тарабынан мамлекеттик каттоо номердик белгилеринин пластинасын даярдоодон 2 млн. 788,1 миң сом суммасында кошумча киреше алынган. Бул акча каражаттары боюнча монополияга каршы органга сунуштама берилип, укуктук ченемдик актылардын негизинде чечим чыгаруу боюнча тапшырма берилди.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудиттин объектилерине аныкталган каржылык бузууларды четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.