Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов кыргызстандыктарды 2022-Жаӊы жылы менен куттуктайт.

Куттуктоо тексти:

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын  жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан келе жаткан Жаӊы жылыныздар менен куттуктайм!

Өлкөбүздүн турмушунда маанилүү окуяларга жык толгон 2021-жыл да тарых барагына  айланаарына саналуу күндөр калды. Өтүп бараткан жылы көп сыноолордон, кыйынчылыктардан өттүк. Бирок  кандай болсо да эң негизгиси - өлкөбүздө туруктуулук сакталып, алдыга кадам таштаганга шарттар түзүлдү. Кыргызстандын калкы бардык күнүмдүк кыйынчылыктарды жеңип чыгып, мамлекетибиз келечекте чыныгы демократия жолуна түшүп, телегейи тегиз өнүккөн өлкөлөрдүн арасына кошула тургандыгына терең ишенем.

«Жакшы тилек – жарым ырыс» дейт, андыктан, 2022-жыл баарыбыздын жаарык маанай, аруу тилектерибиз жүзөгө ашкан жыл болсун! Биз турмушубузга натыйжалуу өзгөрүүлөрдү алып келген жаркын окуялардын күбөсү бололу!

2022-жыл Кыргызстан үчүн бейпилдиктин, экономикалык өнүгүүнүн, ынтымак менен ырашкерликтин жылы болсун.

Мамлекетибизде дайыма биримдик, тынчтык, бакубатчылык орносун!

 

Эсептөө палатасынын төрагасы                                                   А.Ш.Акматов