Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери 2021-жылдын 22-декабрында ИНТОСАИ өнүктүрүү демилгеси жана ИНТОСАИ туруктуу өнүгүү максаттары жана туруктуу өнүгүүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча жумушчу тобунун “Туруктуу өнүгүү максаттарына аудит” темасындагы онлайн видеоконференцияга катышты.

Видеоконференцияда ИНТОСАИ өнүктүрүү демилгесинин туруктуу өнүгүү максаттарына жүргүзүлгөн аудиттин модели тууралуу маалымат берилип,  аудиттин жогорку органдарынын  туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруудагы ролу айтылды.

Ошондой эле, видеоконференцияда Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын өкүлдөрү “Туруктуу өнүктүрүүнүн күн тартибин ишке ашыруу боюнча мамлекеттик башкаруу тутумунун  даярдыгынын анализи” деген аталыштагы эксперттик-аналитикалык иш-чара тууралуу тажрыйба менен бөлүштү.

Аталган иш-чарада Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы байкоочу болуп саналат жана ага Стратегиялык өнүгүү, методология жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Руслан Абдыкалыков жана Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн окуу боюнча инспектору Асель Толубаева катышты.