Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2019-2020-жылдар аралыгында Таш-Көмүр шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 5 млн. 189,6 миң сомдук каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталган:

  1. дебитордук карызды жаап-жашыруу – 5 млн.сом;
  2. эмгек акыларды негизсиз төлөө – 115,6 миң сом;
  3. бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу - 35,8 миң сом;
  4. курулуш иштеринин көлөмүн жогорулатуу - 21,4 миң сом;
  5. материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 16,8 миң сом.

Мындан тышкары, бюджеттин жоготуулары 4 млн. 755,3 миң сом суммасында аныкталды.

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен 5 млн. 74,0 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 3 млн. 901,5 миң сом кайтарылды.