Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Борбордук аппаратынын кызматкерлерине терроризм актысын жасоо коркунучун алдын алууга байланыштуу окуу өткөрүлдү.

 Окуу көрсөтмө берүү формасында уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору тарабынан иштелип чыккан “Терроризм актсын жасоо коркунучундагы стратегиялык объекттердин жетекчилеринин жана персоналдарынын иш-аракеттери жана алдын алуу иш-чаралары” методикалык колдонмонун негизинде жүргүзүлдү.

Окуунун жүрүшүндө терроризм актсын жасоо коркунучунда жана ал жасалган учурда, иш-аракеттерге өзгөчө көңүл бурууга, терроризмди профилактикалоонун уюштуруу-укуктук негиздери жана аны менен күрөшүүгө, терроризмдин кесепеттерин минималдаштырууга басым жасалды.

Окуу 2021-жылдын 3-декабрында Эсептөө палатасынын имаратында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан уюштурулду.