Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши натыйжалуулук элементтерин колдонуу менен, 2020-жылы COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө эл аралык донорлордон келип түшкөн жана республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын жана башка булактардын пайдаланылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчетту талкуулады.

Аудиттин материалдарында айтылгандай, коронавирустук инфекциянын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү үчүн, 2020-жылы республикалык бюджеттен COVID-19 менен күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууга катышкан министрликтерге жана ведомстволорго бардыгы        5,5 млрд. бөлүнгөн.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын отчетторуна ылайык, бул акча каражаттары 13 министрликке жана ведомстволорго бөлүнгөн, ал эми бул каражаттар боюнча жалпы кассалык чыгымдар 4,7 млрд. сомду түзгөн.

Бөлүнгөн каражаттар негизинен коронавирустук инфекциянын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды ишке ашырууга катышкан министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлерине компенсация төлөөгө, обсервациядагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлерин тамак-аш менен камсыз кылууга, коронавирустук инфекция менен ооруган бейтаптарды тамак-аш, дары -дармектер менен медициналык каражаттар менен камсыздоого жумшалган.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй каржы бузуулар аныкталган. Алсак:

COVID-19 менен күрөшүү үчүн ишканалардан жана уюмдардан 2 млн. 155,7 миң сом өлчөмүндө финансылык жардам түрүндө түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Атайын эсебине туура эмес чегерилген.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин депозиттик эсебинин каражаттары боюнча төлөнгөн 508,7 миң сом өлчөмүндө кошумча эмгек акынын суммасынан камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилген эмес.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Эпидфондунун эсебинен, жалпы суммасы 217 млн. 396,0 миң сомдук дары -дармектер жана медициналык буюмдар "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларын бузуу менен сатып алынган.

Бул боюнча аудит материалдарын укуктук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлдү.

Ислам өнүктүрүү банкынын жардамы менен 152 520,00 АКШ доллары суммасындагы медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн 1617,7 миң сом суммасындагы бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин милдеттенмелери аткарылбай калган.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча Башкармалыгында 137,6 миң сомго ашыкча материалдык ресурстар пайда болушуна алып келген өтүмсүз товарлардын жана ошондой эле 2020 –жыл үчүн 4 млн. 645,0 миң суммасындагы эсепке алынбаган азык -түлүк карыздары бар экендиги боюнча фактылар аныкталган.

Жалпысынан, коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууга катышкан министрликтерде жана ведомстволордо жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр аныкталды:

- каражаттарды сарптоодогу каржы бузуулар жана кемчиликтер - 51 млн. 720,9 миң сом, анын ичинде: эмгек акынын негизсиз төлөнүшү – 1 млн. 827,5 миң сом, курулуш-монтаждоо иштеринин ашыкча көрсөтүлүшү - 81,1 миң сом, каражаттарды максатсыз пайдалануу - 45 млн. 167,3 миң сом, жашыруун дебитордук жана кредитордук карыздар боюнча - 4 млн. 645,0 миң сом;

- бюджеттик резервдер жана жоготуулар 898,0 миң сом;

- сарамжалсыз пайдаланылган каражаттар бардыгы – 227 521,4 миң сом.

Айрым мамлекеттик органдарда жана аларга баш ийген мекемелерде аныкталган каржы  бузуулар жана кемчиликтер боюнча отчетто сунуштар берилди.