Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2019-2020-жылдар аралыгында Чүй областынын Аламүдүн районунун жергиликтүү бюджеттеринде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 9,4 млн. сомдук каржы бузуулар аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталган:

эмгек акыны негизсиз төлөөлөр – 5,7 млн. сом;

курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 3,1 млн. сом;

эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз – 499,9 миң сом;

Бюджеттин аныкталган резервдери жана жоготуулары – 17,4 млн. сом.

Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 1,8 млн. сом.

Аудиттердин материалдары Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын, айрым айыл өкмөт башчыларынын жана финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн башчыларынын катышуусунда Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүшүнүн отурумунда каралды. Бардык аудит жүргүзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жиберилген.