Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Юстиция министрлигиндеги аудит мамлекеттик алымдын туура эмес эсептелинишинен республикалык бюджетке 3,2 млн. сом түшпөй калгандыгын тастыктады

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчетту карап, жактырды.

Аудитте айтылгандай, КР “Бюджет кодексинин” 47-беренесин бузуу менен 2020-жылдын июль айына чейин апостилди (кол койгон жана мөөр баскан адамды тастыктоочу штамп) коюу үчүн жыйымдар Министрликтин жана анын аймактык башкармалыктарынын атайын эсептерине которулуп турган. Аудиттин убагында республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө Министрликтин борбордук аппараты боюнча 31,1 млн. сом, Ош областынын юсиция башкармалыгы тарабынан 350,6 миң сом, Чүй-Бишкек боюнча – 37,6 миң сом кайтарылган эмес. Бардыгы - 31,5 млн. сом.

Ош областынын Юстиция башкармалыгынын атайын эсебине 2019-2020-жылдары  1,6 млн. сом суммасында мамлекеттик алым которулган, бирок ошол эле кезде аталган акча каражаттар республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө которулушу керек эле.

2020-жылда Баткен жана Ысык-Көл областтарынын Юстиция башкармалыктарынын нотариустары тарабынан мамлекеттик алым 806,8 миң сом жана 614,8 миң сом суммасында жергиликтүү бюджеттерге которулган.

Мындан тышкары, Министрликте бюджеттин киреше бөлүгүнө мамлекеттик алымдын туура жана толук эсептелишин камсыз кылуу жүргүзүлгөн эмес, буга байланыштуу республикалык бюджетке 3,2 млн. сом киреше түшпөй калган. Бул боюнча материалдар Башкы прокуратурага берилген.

2020-жылдын 31-декабрына карата “Жетишпестик жана уурдоо” эсеби боюнча 1,7 млн. сом суммасында “Интер Медиа” ЖЧК тарабынан компьютер шаймандарынын жабдылбагандыгы үчүн жетишпестик эсептелген, ал 2016-жылы эле түзүлгөн. Учурда бул факт боюнча соттук териштирүүлөр жүргүзүлүүдө.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудиттин объектилерине аныкталган каржылык бузууларды четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.