Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

 2019-жылга Архитектура жана курулуш агенттигинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары: 140 курулушу бүтпөгөн объектилер бар

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан 2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттикте бюджеттин аткарылышына, капиталдык салымдарга бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарынын өздөштүрүлүшүнө жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет каралды.

2019-жылдын башында, Турак-жай жана жарандык курулуш департаменти боюнча (мындан ары  ТЖЖК)   бүтүрүү үчүн 17,6 млрд. сом керектүү суммасы менен 535 курулуш жана капиталдык оңдоо объекттери, анын ичинде 7,8 млрд. сом керектөөчү сумма менен долбоордук-сметалык документтери (ДСД) иштелип чыккан 140 жаңы объект бар.

ТЖЖКДнын объекттерди каржылоонун планы өзгөртүүлөрдөн кийин 3,6 млрд. сомду түзгөн. Мында 110,2 млн. сомдук бүтүрүү үчүн керектүү сумма менен курулушка даярдыгы 71-99% болгон 12 капиталдык курулуштун долбоору, 167,8 млн. сомго бүткөн долбоорлор боюнча кредитордук карыздын кайтарылышы киргизилген эмес.

Узакка созулган курулуш маселелери актуалдуу болуп саналат. 2019-жылдын башына курулушу 2008-2015-жылдары башталган 140 узак курулуш объекттери эсептелген, аларды бүткөрүүгө 6,5 млрд. сом керектелет. 2019-жылдын 1-январына карата узак курулуш объекттерине 3 464,8 млн. сом бюджеттик каражаттар салынган. Алардын калгандары жылдан-жылга Тизмеге киргизилбей келет же аз суммадагы каржылоо бөлүнөт. Ачык асман алдында калуу менен узак курулуш объекттери жараксыз абалга келүүдө. Жогоруда аталган 140 узак курулуш объекттеринин ичинен 2019-жылдын бекитилген тизмесинде курулушту улантууга 93 объекти 929,8 млн. сомго каржылоо каралган.

Жыл сайын курулуп бүткөрүлө элек объекттердин саны жана суммасы системалуу түрдө сакталып келет. 2019-жылга курулуп бүткөрүлө элек объекттердин суммасы 10 млрд. сомдун деңгээлинде турат.

Ошону менен бирге, 2019-жылдагы Тизмеге 13 жаңы объекттер кошулган жана 114,6 млн. сомго каржыланган.

Кыргыз Республикасынын Мамкурулушу тарабынан “2017-жылы “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу мамлекеттик курулуштардын жана объекттердин Тизмесине жаңы курулуш объекттерин киргизүүгө мораторий киргизүү жөнүндө” токтому долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизилген, бирок Өкмөттөн колдоого алынган эмес.

Жүргүзүлгөн аудитте жалпы суммасы 44,8 млн. сом суммасына курулуш-куроо жумуштарынын баасы жогорулатылгандыгы аныкталган. Аудиттин жүрүшүндө 44,2 млн. сом калыбына келтирилген. Жалпысынан каржылык бузуулар, бюджеттин резервтери жана жоготуулары 47,2 млн. сомду түзгөн, анын ичинен калыбына келтирүүгө тийиш 46,0 млн. сомдун ичинен 44,8 млн. сом аудит учурунда ордуна коюлган, ал 97,5 пайызын түзгөн.