Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында 2021-жылдын 25-октябрынан 29-октябрына чейин Эсептөө палатасынын 2026-жылга чейин Стратегиялык өнүгүү планын долбоорун иштеп чыгуу боюнча консультациялык жолугушуулар жүргүзүлүүдө.

Эсептөө палатасынын кызматкерлерине консультациялык жардамды ИНТОСАИ эл аралык уюмдун Өнүгүү демилгесинин (ИДИ) менеджери Нильс Весген көрсөтүүдө.

Стратегиялык документти иштеп чыгуунун максаты - эл аралык стандарттагы аудиттерди жүргүзүү аркылуу заманбап талаптарды эске алуу менен мамлекеттик финансыларды мындан ары да эффективдүү, айкындуу жана отчеттуулукту сактоо менен башкарууну түзүү.

Жолугушуунун алкагында мониторинг жана отчеттуулук системасы, алдыдагы жылдарга иш планы жана документти ишке ашырууга ресурстарды аныктоону талкууланат.

Маалымат үчүн. ИДИ – өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө аудиттин жогорку органдарын колдоочу ИНТОСАИдын органы, ал эффективдүүлүктү туруктуу жогорулатуу, көз карандысыздыкты бекемдөө жана профессионалдуулукту өнүктүрүү боюнча иштерге көмөк көрсөтүп келет.