Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында 2021-жылдын 22-октябрында Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Өз сөзүндө Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов жамаатты кесиптик майрамы менен куттуктап, Эсептөө палатасынын 25 жылдык тарыхына кыскача токтолуп, системасынын өнүгүшүнө кошкон ар бир кызматкердин  баа жеткис салымын белгиледи. «Эсептөө палатасы чейрек мезгил аралыгында мамлекеттик башкаруу органдарынын системасында өзүнүн эффективдүүлүгүн жана функционалдуулугун көрсөтө алды. Анын ар бир жетишкендигинин аркасында кызматкерлердин баа жеткис салымы турат. Жамааттын эмгеги жана ак нитеттүүлүгүнүн жардамы менен биз алдыга коюлган максаттарды жана тапшырмаларды ишке ашырууга терең ишенем», - деп белгиледи Алмазбек Акматов.

Ошондой эле, А.Акматов мамлекеттик акча каражаттарды эффективдүү колдонуусуна жүргүзүлгөн аудиттерди сапаттуу жүргүзүү жана сандан сапатка өтүү мезгили келип жеткендигин белгилеп, эл аралык стандарттарга шайкеш келген аудиттерге басым жасоону белгиледи.

Иш-чаранын соңунда кызматкерлерге Эсептөө палатасынын ишине үзүрлүү салым кошкондугуна жана Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракесине карата  “Эсептөө палатасынын  1-, 2-, 3-даражадагы үлгүлүү кызматкери” аталышындагы медалдар, “мамлекеттик аудит отличниги” төш белгилери жана башка ардактуу грамоталар менен сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле, Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракесине арналган спорттук иш-чараларга катышкан кызматкерлерге сыйлыктар берилди.