Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгынын урматына 2021-жылдын 19-октябрынан 21-октябрына чейин спорттун 5 түрү боюнча Эсептөө палатасындагы  Борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлеринин ортосунда Спартакиада өткөрүлүүдө.

Бүгүн, 2021-жылдын 19-октябрында Спартакиаданын салтанаттуу ачылышы болуп, ага аудиторлор, кызматкерлер, курама командалар, ошондой эле күйөрмандар катышышты.

Өз сөздөрүндө аудиторлор Алимжан Байгазаков, Зарылбек Сатаев жамаатты кесиптик майрамы менен куттуктап, ар бир кызматкердин иши жана салымы Эсептөө палатасынын системасынын өнүгүшүндө олуттуу экендигин белгилешти.

Спартакиада спорттун төмөнкүдөй түрлөрү боюнча өтүп жатат: бильярд, волейбол, стол үстүндөгү теннис, шахмат, футбол.

Спартакиада спортту жана сергек жашоону даңазалоо жана жайылтуу, командалык духту  түзүү, ошондой эле Спартакиадага катышкан мыкты командаларды аныктоо максатында өткөрүлүп жатат.