Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

    Мамлекеттик башкаруу академиясында жүргүзүлгөн шайкештик аудити 24,7 млн. сом суммасындагы бюджеттин жоготууларын аныктады

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши 2018-2019-жылдар аралыгына карата  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик  башкаруу академиясынын бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчетту талкуулады.

Жүргүзүлгөн аудитте 24 млн. 663,6 миң сом суммасында бюджеттин жоготуулары аныкталган. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесин бузуу менен,  Көзөмөлчүлүк кылуу кеңешинин макулдугу жок туруп, атайын эсептин каражаттарынын эсебинен Академиянын кызматкерлерине 19 млн. 276,6 миң сом сый акылар төлөнгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы  № 370 “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө” токтомунда каралган формулага ылайык, келерки жылга бюджеттик каржылоо көлөмүн аныктоо боюнча аудиттин жүрүшүндө жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык, мамлекеттик  билим берүү грантынын талап кылынган көлөмү 2018-2019-жылдарда 4478,7 миң сомго ашырылган.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.01.2011-жылдагы №18 жана 30.09.2019-жылдагы  № 511  “Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлеринин эмгегине төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомдорун бузуу менен, БФЭТтин директорунун буйругу менен окуу жүгүнүн белгиленгенден ашык максималдуу өлчөмдөрү жалпысынан 667,9 миң сомго эсептелген.

Бюджеттин резервдери 486,6 миң сомду түзгөн, анын ичинен: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы  №62  “Мамлекеттик  ишканаларды башкарууну жакшыртуу жөнүндө” токтомунун жана Мамлекеттик  ишканалар жөнүндө жобонун 3-главасынын 20-пунктуна ылайык, “Ак-Толкун” мамлекеттик ишканасында 2018-2019-жылдары алынган таза пайданын эсебинен республикалык бюджетке 476,6 миң сом суммасында чегерүүлөр жүргүзүлгөн эмес.

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 1 млн. 133,5 миң сомду түзгөн.                 

Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилген. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине сунуштамалар жөнөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик  башкаруу академиясына  отчет жана сунуштама жиберилген.