2019-2020-жылдары Алай районунун жергиликтүү бюджеттеринде 1,5 млн. сомдук каржы бузуулары аныкталды
2019-2020-жылдар аралыгында Ош областынын Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна, айыл аймактарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 1 млн. 497,5 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды.
Аудиттин жүрүшүндө, төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталган:
- Каражаттарды сарптоодо кетирилген кемчиликтер жана тартип бузуулар – 1 млн. 452,4 миң сом, анын ичинен:
- курулуш иштерине кошуп жазуулар – 1 млн. 62,4 миң сом,
- казыналыктын тутумунан кыйгап өтүү менен пайдалануу – 106,9 миң сом,
- материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 110,4 миң сом.
- Бюджетке жана Социалдык фонддун бюджетине кошумча кирешелерди эсептөө – 36,2 миң сом;
- Материалдык баалуулуктардын жетишпестиги – 8,9 миң сом.
Мындан тышкары, аныкталган каржы бузуулардын ичинен 1 млн. 428,2 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 377,8 миң сом кайтарылды.
