Араван районунун жергиликтүү бюджеттеринде каржы бузуулардын ичинен эң көбүн материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу ээлейт
2019-2020-жылдар аралыгында Ош областынын Араван районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна, айыл аймактарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 899,9 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды.
Аудиттин жүрүшүндө, төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталган:
Каражаттарды сарптоодо кетирилген кемчиликтер жана тартип бузуулар –697,6 миң сом, анын ичинен:
- материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 485,1 миң сом,
- бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу -160,1 миң сом,
- эмгек акыны негизсиз төлөө – 52,4 миң сом.
Аныкталган каржы бузуулардын ичинен 847,4 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 387 миң сом кайтарылды.
Мындан тышкары, аудит учурунда 400 миң сомдук бюджеттик жоготуулар жана резервдер аныкталды.