Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын аудити: Бажы кызматы 8,3 млн. сом суммасында бюджеттик каражаттарды натыйжалуу эмес колдонгону аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши 2020-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишине жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчетту талкуулады.

2020-жылдын жыйынтыгы менен, бажы төлөмдөрүнүн келип түшүүсү факт жүзүндө 28,9 млрд. сом суммасында аныкталды. 2019-жылдын көрсөткүчү менен салыштырганда бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү  терс динамика менен (-) 33,2%га  же 14,4 млрд. сомго кыскарды.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча 191,4 млн. сомго бюджеттин резерви аныкталды, тактап айтканда 69,8 млн. сом суммасындагы республикалык бюджетке которуулардын ичинен аудиттин жүрүшүндө 52,7 млн. сом которулду.

Бюджеттик каражаттардын максатсыз пайдаланышы 8,3 млн. сомду түздү.

Жыйындын соңунда Бажы кызматына кемчиликтерди жоюу үчүн тиешелүү тапшырмалар берилди.