Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2019 – 2020 жылдарга карата “Кара-Балта спирт заводу” Мамлекеттик ишканасында жүргүзүлгөн натыйжалуулук аудитинин жыйынтыгы

       Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан 01.01.2019-жылдан 31.12.2020-жылга чейинки мезгил аралыгына карата “Кара-Балта спирт заводу” Мамлекеттик ишканасында жүргүзүлгөн натыйжалуулук аудити жөнүндө отчет каралды.

Жүргүзүлгөн аудитте Ишкананын 2021-жылдын 15-июнундагы № 02-2/36 буйругунун негизинде, негизги каражаттарга жана товардык-материалдык баалуулуктарга инвентаризация жүргүзүлгөндүгү аныкталган. Инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча  10,7 миң сом суммасындагы 13,0 дал  медициналык  спирттин жетишпестиги аныкталган (аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген).

Мындан сырткары, өндүрүлгөн продукциянын пландуу өздүк наркы 22258,5 миң сом алдында, факты жүзүндөгү өздүк наркы   31874,8 миң сомду түзгөн, же    пландуу өздүк нарктан факты жүзүндөгү өздүк нарктын ашырылышы  9616,3 миң сомду түзгөн,  бул болсо, 2020-жылы жылуулук, электр энергияларын жана аккан сууларды керектөөнү 6117,4 миң сомго ченемден ашык чыгымдарын ашыруу менен шартталган.

Ошондой эле, аудит "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу менен,  конкурс жарыяланбастан туруп,  2020-жылы 215,6 миң сомго ар кандай товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр сатылып алынгандыгын белгилейт. 

Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет бекитилген жана тиешелүү мекемелерге жөнөтүлгөн.